ИМПЕРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПЕ́РИЯ (лат. imperium – бийлик, мамле­кет) – 1) башында император турган кээ бир монархиялык мамлекеттердин аталышы. Кө­бүнчө курамына башка элдердин жерин зордоп кошуп алган аймагы кеңири мамлекет. Рим мам­лекети да б. з. ч. 1-кылымдын аягынан империя атала баштаган. Кийинчерээк Византия, Франк мам­лекети да империя деп аталат. Падышалык Россия Пётр Iден (1721) монархия кулаганга чейин (1917) империя болгон. Наполеон IIIнүн тушунда Фран­ция, 1871-жылдан 1918-жылдагы революцияга чейин Германия империя аталган; 2) бөтөн элди басып ал­ган аймагы зор ири мамлекет. Империяны метропо­лия ж-а карамагындагы жерлер түзөт (мисалы, Улуу Британия карамагындагы бардык жерле­ри м-н Британ империясы деп аталган).