ИЛЬИН
ИЛЬИ́Н Юрий Иванович (12. 07. 1938-жылы туулган, Россия, Тамбов облусу, Жердев району, Ивановка кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Саратов геологиялык чалгындоо техникумун (1956), ФПИни (1970) бүткөн. Кыргыз ССР геология башкармалыгынын № 14 партиясынын геологу (1957–59), Түндүк Кыргызстан, Сары-Жаз геологиялык экспедицияларында улук коллектор, улук геолог, отряддын ж-а партиянын начальниги (1959–73). 1973–76-жылдарда Алжирде иштеп келген. Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын ж-а партиянын начальниги (1976–96). Республикадагы курулуш материалдарынын бири – табигый каптооч таштардын, ошондой эле алтын ж-а калайдын кендерин ачууга ж-а чалгындоого чоң эмгек сиңирген.