ИЛЬИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЬИ́Н Юрий Иванович (12. 07. 1938-жылы туулган, Россия, Тамбов облусу, Жердев району, Ивановка кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лау­реаты (1980). Саратов геологиялык чалгындоо технику­мун (1956), ФПИни (1970) бүткөн. Кыргыз ССР геология башкармалыгынын № 14 партиясынын геологу (1957–59), Түндүк Кыргызстан, Сары-Жаз геологиялык экспедицияларында улук коллектор, улук гео­лог, отряддын ж-а партиянын начальниги (1959–73). 1973–76-жылдарда Алжирде иштеп келген. Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын ж-а партиянын на­чальниги (1976–96). Республикадагы курулуш материалдарынын бири – табигый каптооч таш­тардын, ошондой эле алтын ж-а калайдын кендерин ачууга ж-а чалгындоого чоң эмгек сиңирген.