ИЛИМИЙ ФАНТАСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМИЙ ФАНТА́СТИКА – адам баласынын кыялынан жаралып, келечекте иш жүзүнө ашырууда мүмкүн болгон илимий-техникалык маселелерди койгон ж-а сүрөттөгөн көркөм чыгармалар. Илимий фантастиканын тарыхы байыркы замандардан баш­талат, бирок анын көркөм адабиятта өзүнчө жанр катары калыптанышы Ж. Верндин ысмына байланыштуу. «Укмуштуу саякаттар» деген жалпы ат м-н жарыяланган романдар циклин­де ал илим м-н фантастиканын байланышын биринчи белгилеп, алардын табылгалары адам­затка кызмат кылат деп далилдөөгө аракеттен­ген. Илимий фантастиканын дагы бир көрүнүктүү өкүлү – Г. Уэллс (1886–1946). Ал илимий фантастиканы социалдык божомол м-н айкалыштырып, чыгармаларын­да техникалык өсүштүн натыйжасы адилетсиз буржуазиялык коомдо адамзатты кыйроого дуушар кылат де­ген идеяны өөрчүткөн. Илимий фантастикада бир катар ири чыгармалар жаралган (А. Толстой – «Аэлита», 1928; «Инженер Гариндин гиперболоиди», 1925– 26; А. Беляев – «Адам-амфибия», 1928; Г. Ада­мов – «Эки океандын сыры», 1939). Кыргыз ад­абиятында К. Эсенкожоевдин «Үчүнчү шар» (1939) аңгемеси, К. Жантөшевдин «Ашуу ашкан суу» (1955) повести илимий фантастика багытындагы алгачкы туун­дулар болгон. Кыргыз адабиятында фантастика жан­рын профессионалдык деңгээлге Б. Сартов кө­төргөн. Ал эми Ч. Айтматов «Кылым карытар бир күн», «Кассандра тамгасы» романдарын жа­ратуу м-н кыргыз адабиятындагы илимий фантастикалык жанр­ды жаңы сапаттык баскычка жеткирди.