ИЛИМИЙ ФАНТАСТИКА
ИЛИМИЙ ФАНТА́СТИКА – адам баласынын кыялынан жаралып, келечекте иш жүзүнө ашырууда мүмкүн болгон илимий-техникалык маселелерди койгон ж-а сүрөттөгөн көркөм чыгармалар. Илимий фантастиканын тарыхы байыркы замандардан башталат, бирок анын көркөм адабиятта өзүнчө жанр катары калыптанышы Ж. Верндин ысмына байланыштуу. «Укмуштуу саякаттар» деген жалпы ат м-н жарыяланган романдар циклинде ал илим м-н фантастиканын байланышын биринчи белгилеп, алардын табылгалары адамзатка кызмат кылат деп далилдөөгө аракеттенген. Илимий фантастиканын дагы бир көрүнүктүү өкүлү – Г. Уэллс (1886–1946). Ал илимий фантастиканы социалдык божомол м-н айкалыштырып, чыгармаларында техникалык өсүштүн натыйжасы адилетсиз буржуазиялык коомдо адамзатты кыйроого дуушар кылат деген идеяны өөрчүткөн. Илимий фантастикада бир катар ири чыгармалар жаралган (А. Толстой – «Аэлита», 1928; «Инженер Гариндин гиперболоиди», 1925– 26; А. Беляев – «Адам-амфибия», 1928; Г. Адамов – «Эки океандын сыры», 1939). Кыргыз адабиятында К. Эсенкожоевдин «Үчүнчү шар» (1939) аңгемеси, К. Жантөшевдин «Ашуу ашкан суу» (1955) повести илимий фантастика багытындагы алгачкы туундулар болгон. Кыргыз адабиятында фантастика жанрын профессионалдык деңгээлге Б. Сартов көтөргөн. Ал эми Ч. Айтматов «Кылым карытар бир күн», «Кассандра тамгасы» романдарын жаратуу м-н кыргыз адабиятындагы илимий фантастикалык жанрды жаңы сапаттык баскычка жеткирди.