ИКРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:47, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИКРА́ , э н е л и к у р у к – моллюскалардын, ийне терилүүлөрдүн, сөөктүү балыктардын, жерде-сууда жашоочулардын ж. б-дын сууга таш­талган энелик жыныс клеткасы (жумуртка­сы). Икра суу түбүнө, терең катмарларына ж-а үстүнө ташталат. Суу түбүнө ташталган урук­тар, суудан оор келет, кээде жабышкак болот. Балыктар суу түбүнө, таш коңулуна, өсүмдүккө таштайт же суу түбүндөгү катуу жерге көөмп коёт. Жеңил икра суунун калың катмарында же анын үстүндө калкып жүрөт. Балык икрасынын диаметри 0,6 ммден 7,0 ммге чейин. Балыктар бир нече ондон жүз миллионго чейин икра таш­тайт.