ИКРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИКРА́ , э н е л и к у р у к – моллюскалардын, ийне терилүүлөрдүн, сөөктүү балыктардын, жерде-сууда жашоочулардын ж. б-дын сууга ташталган энелик жыныс клеткасы (жумурткасы). Икра суу түбүнө, терең катмарларына ж-а үстүнө ташталат. Суу түбүнө ташталган уруктар, суудан оор келет, кээде жабышкак болот. Балыктар суу түбүнө, таш коңулуна, өсүмдүккө таштайт же суу түбүндөгү катуу жерге көөмп коёт. Жеңил икра суунун калың катмарында же анын үстүндө калкып жүрөт. Балык икрасынын диаметри 0,6 ммден 7,0 ммге чейин. Балыктар бир нече ондон жүз миллионго чейин икра таштайт.