ЗЫЯРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:26, 11 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫЯРАТ (ар. зийара – баруу) – исламда тилек кылуу (бала, ден соолук тилөө ж. б.), күнөөдөн арылуу, сооп табуу үчүн ыйык жайларга ата­йын барып сыйынуу. Пайгамбарлардын, ма­шайыктардын ысмына байланышкан жерлер­ге, мазарларга, атактуу адамдардын бейиттерине ж. б. ыйык жайларга табынышат. Зыяратчылык­тын эң маанилүүсү – ажылыкка баруу. Кыргыз­дарда Сулайман-Тоо, Манастын күмбөзү сыяк­туу жайларга зыярат кылуу салтка айланган.