ЗЫЯРАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫЯРАТ (ар. зийара – баруу) – исламда тилек кылуу (бала, ден соолук тилөө ж. б.), күнөөдөн арылуу, сооп табуу үчүн ыйык жайларга атайын барып сыйынуу. Пайгамбарлардын, машайыктардын ысмына байланышкан жерлерге, мазарларга, атактуу адамдардын бейиттерине ж. б. ыйык жайларга табынышат. Зыяратчылыктын эң маанилүүсү – ажылыкка баруу. Кыргыздарда Сулайман-Тоо, Манастын күмбөзү сыяктуу жайларга зыярат кылуу салтка айланган.