ЗВЕРЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:33, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗВЕ́РЕВ Николай Александрович [19.12.1921, Кыргыз АССРи, Акмоло (азыркы Астана) шаары – 29.7.1986] – Советтер Союзунун Баатыры (1944). Улуу Ата Мекендик согушка чейин Кыргызстанга көчүп келип, Токмок шаарында жашаган. Советтик Армияга 1941-жылы чакырылган. Улуу Ата Мекендик со­гушта 32-гвардиялык аткычтар полкунда (12- гвардиялык аткычтар дивизиясы, 61-армия,


Борбордук фронт) взвод ко­мандиринин жардамчысы, гвардиянын сержанты. Зверев Днепрден өтүүдө ж-а анын батыш жээгиндеги плац­дармды ээлеп, андан ары жол ачууда зор эрдик көрсө­түп, Советтер Союзунун Баатыры де­ген наам алган. Ленин, 1- даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медал­дар м-н сыйланган.