ЗВЕРЕВ
ЗВЕ́РЕВ Николай Александрович [19. 12. 1921, РСФСР, Кыргыз АССРи (азыркы Казакстан), Акмоло (азыркы Астана) шаары – 14. 03. 1991, СССР, РСФСР (азыркы Россия Федерациясы), Курган облусу, Шадринск шаары] – Советтер Союзунун Баатыры (1944). 1930-жылдары үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келип, Токмок шаарында жашаган. Советтик Армиянын катарына Фрунзе облусунун Чүй райондук аскер комиссариаты тарабынан 1941-жылы апрель айында чакырылган. Гвардиянын сержанты Н. А. Зверев Улуу Ата Мекендик согушта 32-гвардиялык аткычтар полкунда (12- гвардиялык аткычтар дивизиясы, 61-армия,

Борбордук фронт) взвод командиринин жардамчысы болуп кызмат өтөгөн. 29. 09. 1943-жылы Глушец кыштагынын жанында Днепр дарыясынан (азыркы Белоруссия, Гомель облусу, Лоев району) өтүүдө жана анын батыш жээгиндеги плацдармды ээлеп, андан ары жол ачууда көрсөткөн эрдиги үчүн 15. 01. 1944-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамына (№ 6786) татыпган. 1946-жылы февраль айында демобилизацияланып, алгач Казакстандын Целиноград (азыркы Астана), кийин Курган облусунун Шадринск шаарларында эмгектенген. Ленин, 1- даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж. б. медалдар менен сыйланган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.