ЗАТ
ЗАТ – материянын физикалык ж-а химиялык касиеттерге ж-а тынч абалда массага ээ түрү. Зат тынч абалда массасы нөлгө барабар эмес элементардык бөлүкчөлөрдөн (электрон, протон, нейтрон ж. б.) турат. «Материя» философияда, ал эми «зат» физикалык ж-а химиялык маанилерде каралат. Зат бөлүкчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү электр-магниттик, гравитациялык ж. б. талааларда ишке ашат. Ал ар кандай татаал объектилер: электрон, протон ж-а нейтрон, ошондой эле ар кандай өлчөмдөгү макроскопиялык телолор, геологиялык система, планета, жылдыз, галактикалар ж. б. түрүндө болот. Азыркы физикада элементардык бөлүкчөлөр фундаменталдык бөлүкчөлөрдөн – кварктардын ж-а лептондордон түзүлгөн деп кабыл алынган. Жаратылыштагы заттар агрегаттык абалы боюнча катуу, суюк, газ ж-а плазма түрүндө болуп төрткө бөлүнөт. Зат бөлүкчөлөрдөн (бирдей типтеги атом же молекуланын) турат. Аларды аралаштырганда гомогендүү (мисалы, эритмелер) же гетерогендүү (мисалы, дисперстүү система) аралашма пайда болот. Зат жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Жөнөкөй зат бир эле химиялык элементтин атомунан, ал эми татаал заттар химиялык бирикмелер деп аталып, бир нече химиялык элементтин атомдорунан турат. Айрым заттардын мүнөздөмөсү алардын химиялык түзүлүшүнө, агрегаттык абалына, тыгыздыгы, илешкектиги, электрфизикалык, оптикалык ж. б. касиеттерине байланыштуу. Бул касиеттер сырткы физикалык шартка жараша өзгөрүп турат. Заттын химиялык касиеттерин анын түзүлүшүнө, агрегаттык абалына жараша белгилүү чөйрөдө химиялык реакцияга катышуу жөндөмүнүн химияда мааниси чоң. Заттын саны өтө көп ж-а саны табияттан жаңы ачылган, синтезделип алынган жасалма заттардын эсебинен дайыма өсөт, к. Материя.