ЗАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАТ – материянын физикалык ж-а химиялык касиеттерге ж-а тынч абалда массага ээ түрү. Зат тынч абал­да массасы нөлгө барабар эмес элементардык бөлүкчөлөрдөн (электрон, протон, нейтрон ж. б.) турат. «Материя» философияда, ал эми «зат» физикалык ж-а химиялык маанилерде каралат. Зат бөлүкчө­лөрүнүн өз ара аракеттенүүсү электр-магниттик, гравитациялык ж. б. талааларда ишке ашат. Ал ар кандай татаал объектилер: электрон, про­тон ж-а нейтрон, ошондой эле ар кандай өлчөмдөгү макроскопиялык телолор, геологиялык система, пла­нета, жылдыз, галактикалар ж. б. түрүндө бо­лот. Азыркы физикада элементардык бөлүкчө­лөр фундаменталдык бөлүкчөлөрдөн – кварктардын ж-а лептондордон түзүлгөн деп кабыл алынган. Жаратылыштагы заттар агрегаттык абалы боюнча катуу, суюк, газ ж-а плазма түрүндө болуп төрткө бөлүнөт. Зат бөлүкчөлөрдөн (бир­дей типтеги атом же молекуланын) турат. Алар­ды аралаштырганда гомогендүү (мисалы, эритме­лер) же гетерогендүү (мисалы, дисперстүү система) аралашма пайда болот. Зат жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Жөнөкөй зат бир эле химиялык эле­менттин атомунан, ал эми татаал заттар химиялык бирикмелер деп аталып, бир нече химиялык элемент­тин атомдорунан турат. Айрым заттардын мүнөз­дөмөсү алардын химиялык түзүлүшүнө, агрегаттык абалына, тыгыздыгы, илешкектиги, электр­физикалык, оптикалык ж. б. касиеттерине байланыш­туу. Бул касиеттер сырткы физикалык шартка жара­ша өзгөрүп турат. Заттын химиялык касиеттерин анын түзүлүшүнө, агрегаттык абалына жараша бел­гилүү чөйрөдө химиялык реакцияга катышуу жөндөмү­нүн химияда мааниси чоң. Заттын саны өтө көп ж-а саны табияттан жаңы ачылган, синтезде­лип алынган жасалма заттардын эсебинен да­йыма өсөт, к. Материя.