ИРАН ТИЛДЕРИ
ИРА́Н ТИЛДЕРИ – инди-европа тил уясынын инди-иран бутагына кирген тилдер тобу. Ирандан сырткары Афганстан, Тажикстан, Пакистан, Россия, Ирак, Түркия, Сирия, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Израил, ошондой эле Европа жана Америка өлкөлөрүнүн диаспораларына да тараган. Испан тилдери фонетикалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык батыш жана чыгыш деген эки чоң топко бөлүнүп, батыш тобу түндүк- батыш жана түштүк-батыш, ал эми чыгыш тобу түн.-чыгыш ж-а түштүк-чыгыш топчолоруна ажырайт.