ИРАН ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРА́Н ТИЛДЕРИ – инди-европа тил уясынын инди-иран бутагына кирген тилдер тобу. Иран­дан сырткары Афганстан, Тажикстан, Пакис­тан, Россия, Ирак, Түркия, Сирия, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Израил, ошондой эле Европа жана Америка өлкөлөрүнүн диас­пораларына да тараган. Испан тилдери фонетикалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык батыш жана чыгыш деген эки чоң топко бөлүнүп, батыш тобу түндүк-батыш жана түштүк-батыш, ал эми чыгыш тобу түндүк-чыгыш ж-а түштүк-чыгыш топчолоруна ажы­райт.