ДОЛОН БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛОН БИЙ – санжыралык-ге­неологиялык маалыматтарында айтылган кыргыздардын түпкү атасы. Ферганалык молдо Сайф ад-Дин Аксыкенти­нин 16-кылымга таандык тажик тилиндеги «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») аттуу кол жазмасында Долон бий менен кошо анын жети атасы Аналхак, Арслан бий, Мары бий, Шүкүр бий, Сангин бий, Сары бий, Домбур (Домбул) бий­лердин ысымдары сакталып калган. Башка тарыхый-генеологиялык уламыштарда Долон бий тууралуу кыскача гана маалыматтар айтылат. Анда Долон бийдин Ак уул жана Куу уул аттуу балдары бо­луп, алардан тараган тукум кыргыздын оң жана сол деген эки канатын түзүшкөн. Санжыранын соңку варианттарында Долон бийдин сөөгү Борбордук Те­ңир-Тоого коюлуп, анын ысмынан ашуунун аты аталып калганы эскерилет. 16-кылымдын та­рыхый дареги «Тарих-и Рашидиде» Долон то­понимикалык аталыш катары ошол эле аймакта жайгашкан.

Т. Асанов.