ДОЛОН БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛОН БИЙсанжыралык-ге­неологиялык маалыматтарында айтылган кыргыздардын түпкү аталарынын бири. Ферганалык молдо Сайф ад-Дин Аксыкенти­нин 16-кылымга таандык тажик тилиндеги «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») аттуу кол жазмасында Долон бий менен кошо анын жети атасы Аналхак, Арслан бий, Мары бий, Шүкүр бий, Сангин бий, Сары бий, Домбур (Домбул) бий­лердин ысымдары сакталып калган. Башка тарыхый-генеологиялык уламыштарда Долон бий тууралуу кыскача маалыматтар гана айтылат. Анда Долон бийдин Ак уул жана Куу уул аттуу балдары бо­луп, алардан тараган тукум кыргыздын оң жана сол деген эки канатын түзүшкөн. Ак уулдан Адигине, Тагай, Муңгуш аттуу уулдары жана Наалы деген кызы болгон. Алардын тукумдары оң канат урууларына кирет.  Куу уулдан Чоң багыш, Саруу, Мундуз, Кытай, Басыз, Жетиген, Төбөй уруулары тарап – алар сол канат аталат. Санжыранын соңку варианттарында Долон бийдин сөөгү Борбордук Те­ңир-Тоого коюлуп, анын ысмынан ашуунун аты сакталып калганы эскерилет. 16-кылымдын та­рыхый дареги «Тарих-и Рашидиде» Долон то­понимикалык аталыш катары ошол эле аймакта жайгашкан. В. Бартольд Рашид ад-Дин менен Абулгазинин эмгектерине анализ жүргүзүү менен Рашид ад-диндеги дуулаттардын түпкү атасы Буданжар Дукланды мисал кылып, «дуглат» же, «дуклат» деген сөз башында «доголан» деген моңгол сөзү – так которгондо «аксак» дегенди түшүндүрүп, көпчүлүк мааниде «доголат» болуп өзгөрүлөрүн белгилеп өткөн. Бирок, бул аталуунун Орто Азиядагы азыркы дуулаттарга тиешеси жок экенин эскерткен.

Ад.: Бартольд В. В. Дуглат. /Соч. Т. V. М., 1968; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-т. Б., 1993; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. Пер. с перс., Таш., 1996; Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. Б., 2002.

Т. Асанов.