КОРУМДУ (Ысык-Көл районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 29 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУМДУ – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы кыштак. Кум-Бел айыл округуна ка­раштуу. Корумду суусунун боюнда, Бишкек–Ка­ракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1654 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Чолпон-Ата шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 100 км. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 3321 (2022); неги­зинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эс­телик тургузулган. Кыштакта залкар комузчу Карамолдо Орозов туулган.