КОРУМДУ (Ысык-Көл районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРУМДУ – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы кыштак. Кум-Бел айыл округуна караштуу. Корумду суусунун боюнда, Бишкек–Каракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1654 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 100 км. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 3321 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта залкар комузчу Карамолдо Орозов туулган.