КЛУЖ-НАПОКА
КЛУЖ-НАПО́КА – Румыниянын түндүк-батышындагы шаар. Клуж жудецинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Трансильвания платосунда жайгашкан. Калкы 302,6 миң (2008); чоңдугу ж-а калкынын саны боюнча Бухаресттен кийинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Автомагистраль түйүнү ж-а темир жол бекети. Тейлөө чөй-

рөсү, инвестиция, кредит-финансы сектору ж-а компьютер программасы м-н камсыз кылуу өндүрүшү өнүккөн. Машина куруу, химия (пластмасса, каучук), химия-фармацевтика [анын ичинде Индия компаниясы женериктерди (түп нускасына окшош арзан дары-дармектер) чыгарат], жеңил (жүн кездеме, трикотаж ж-а тигилүү буюмдар), косметика каражаттарын чыгаруу (19-кылымдын аягынан) – өлкөнүн салттуу өндүрүшү. Университет, музейлер (анын ичинде тарых, этнография ж-а сүрөт), театр, филармония, Моцарт музыкалык коому бар. Шаардын борбордук бөлүгүндө готика, ренессанс ж-а барокко стилиндеги көптөгөн архитектура эстеликтери, таш чептер (13–17-кылымдар), Ыйык Михаил чиркөөсү (14–19-кылымдар), неоготика стилиндеги мунара, анын интерьеринде Шлейниг капелласы (1837–62), венгриялык ак сөөк Банфи тукумунун ак сарайы (1774–85), францисканецтердин монастыры (15–19-кылымдар) сакталган. Эл аралык фестивалдар (музыка, кино) өткөрүлүп турат.