КЛУЖ-НАПОКА
КЛУЖ-НАПО́КА – Румыниянын түн.-батышындагы шаар. Клуж жудецинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Трансильвания платосунда жайгашкан. Калкы 302,6 миң (2008); чоңдугу ж-а калкынын саны б-ча Бухаресттен кийинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Автомагистраль түйүнү ж-а т. ж. бекети. Тейлөө чөй-

рөсү, инвестиция, кредит-финансы сектору ж-а компьютер программасы м-н камсыз кылуу өндүрүшү өнүккөн. Машина куруу, хим. (пластмасса, каучук), хим.-фармацевтика [а. и. Индия компаниясы женериктерди (түп нускасына окшош арзан дары-дармектер) чыгарат], жеңил (жүн кездеме, трикотаж ж-а тигилүү буюмдар), Косметика каражаттарын чыгаруу (19-к-дын аягынан) – өлкөнүн салттуу өндүрүшү. Ун-т, музейлер (а. и. тарых, этногр. ж-а сүрөт), театр, филармония, Моцарт муз. коому бар. Шаардын борб. бөлүгүндө готика, ренессанс ж-а барокко стилиндеги көптөгөн арх-ра эстеликтери, таш чептер (13–17-к.), Ыйык Михаил чиркөөсү (14– 19-к.), неоготика стилиндеги мунара, анын интерьеринде Шлейниг капелласы (1837–62), венгриялык ак сөөк Банфи тукумунун ак сарайы (1774–85), францисканецтердин монастыры (15– 19-к.) сакталган. Эл аралык фестивалдар (музыка, кино) өткөрүлүп турат.