АХМЕТОВА Хадича

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Хадича (30. 5. 1902, Ысык-Көл обл., Каракол ш. ‒ 11. 2. 1989, ошол эле жерде) ‒ педагог. Каракол ш-ндагы жетим балдар үйүндө аялдардан чыккан биринчи тарбиячы (1918‒19). Караколдогу орус-тузем мектебин бүтүргөн (1915‒18). 1920‒53-жылдарда Кырг-ндын мектептеринде мугалим болуп иштеген. Караколдогу пед. окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн (1940‒46). Ал эл агартуу ишине сиӊирген эмгеги үчүн Ленин ордени (1951) ж-а медалдар м-н сыйланган.