АХМЕТОВА Хадича
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АХМЕТОВА Хадича (30. 05. 1902, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары ‒ 11. 02. 1989, ошол эле жерде) ‒ педагог. Каракол шаарындагы жетим балдар үйүндө аялдардан чыккан биринчи тарбиячы (1918‒1919). Караколдогу орус-тузем мектебин бүтүргөн (1915‒1918). 1920‒1953-жылдарда Кыргызстандын мектептеринде мугалим болуп иштеген. Караколдогу педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн (1940‒1946). Ал эл агартуу ишине сиӊирген эмгеги үчүн Ленин ордени (1951) жана медалдар менен сыйланган.