АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ‒ жер бетинен бийиктеген сайын атмосферадагы аба температурасынын жогорулашы. Инверсия көбүнчө атмосферанын бир катмарынын экинчисине өткөндөгү чек арада байкалат. Анын калыӊдыгы 10‒1000 мге жетет. Инверсия катмарында температкранын көтөрүлүшү 15‒20°Сге жетип, кээде андан да ашат. Абанын түн ичинде муздашынан улам радиациялык инверция келип чыгат. Атмосферанын жогорку катмарында аба массасынын которулушунан кысылган инверсия байкалат.