АТ КУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:04, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Rumex L) ‒ өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы бир ж-а көп жылдык чөп өсүмдүгү . Сабагы түз, бутактуу, жалбырагы узун, сүйрү, чоӊ, саптуу. Гүлү жашыл, эки же бир жыныстуу, топ гүлү шыпыргы. Мөмөсү үч кырдуу, даны жалтырак. Анын 150 түрү белгилүү, Кырг-нда 13 түрү (кадимки, тармал, теӊир тоо А.к. ж. б.) кездешет. Короо-жай тегерегинде, көлмө, жол, арык бойлорунда ж. б. өсөт. Мал жебейт. А. к-тын дээрлик бардык түрү отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: жерди тереӊ айдап, тамырын жыйнап жок кылуу, уругу быша электе оруп, чаап таштоо. Кадимки А. к. атайы өстүрүлүп, жалбырагы тамакка пайдаланылат .