АТ КУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ КУЛАК (Rumex L) ‒ өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы бир жана көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы түз, бутактуу, жалбырагы узун, сүйрү, чоӊ, саптуу. Гүлү жашыл, эки же бир жыныстуу, топ гүлү шыпыргы. Мөмөсү үч кырдуу, даны жалтырак. Анын 150 түрү белгилүү, Кыргызстанда 13 түрү (кадимки, тармал, теӊир тоо Ат кулак жана башка) кездешет. Короо-жай тегерегинде, көлмө, жол, арык бойлорунда жана башка өсөт. Мал жебейт. Ат кулактын дээрлик бардык түрү отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: жерди тереӊ айдап, тамырын жыйнап жок кылуу, уругу быша электе оруп, чаап таштоо. Кадимки Ат кулак атайы өстүрүлүп, жалбырагы тамакка пайдаланылат.