АСС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСС (лат., as, assis) ‒ байыркы римдик жез тыйын (салмагы алгач 272 г). Б. з. ч. 5-к-дан чыгарыла баштап, б. з. 217-ж. чейин жүгүртүлүп келген. Байыркы гректер А-ты ассирий деп аташкан. Херсонес, Тир, Ольвия, Боспор падышалыгында б. з. 2‒3-к-да бир нече номиналдагы А. чыгарылган.