АСС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АСС (лат., as, assis) ‒ байыркы римдик жез тыйын (салмагы алгач 272 г). Биздин заманга чейин 5-кылымдан чыгарыла баштап, биздин замандын 217-жылына чейин жүгүртүлүп келген. Байыркы гректер Ассты ассирий деп аташкан. Херсонес, Тир, Ольвия, Боспор падышалыгында биздин замандын 2‒3-кылымдарында бир нече номиналдагы Асс чыгарылган.