АСМАН ЭКВАТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:45, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН ЭКВАТОРУ ‒ асман сферасынын бардык чекиттери дүйнө уюлдарынан 90° алыс турган чоӊ тегереги. Асман экваторунун дүйнө огуна перпендикуляр болгон тегиздиги Жер экваторунун тегиздигине жарыш жана горизонттун тегиздигине 90° бурч менен жантайган, мында j ошол жердин кеӊдиги. Асман экватору асман сферасын түндук жана түштук Жарым шарга бөлөт. Асман экваторун математикалык горизонт чыгыш жана батыш чекиттеринде кесип өтөт.