АСМАН ЭКВАТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:25, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АСМАН ЭКВАТОРУ  ‒ асман сферасынын бардык чекиттери дүйнө уюлдарынан 90° алыс турган чоӊ тегереги. А. э-нун дүйнө огуна перпендикуляр болгон тегиздиги Жер экваторунун тегиздигине жарыш ж-а горизонттун тегиздигине 90° бурч м-н жантайган, мында j ошол жердин кеӊдиги. А. э. асман сферасын түн. ж-а түш. Жарым шарга бөлөт. А. э-н матем. горизонт чыгыш ж-а батыш чекиттеринде кесип өтөт.