АСКЕР ПАРАДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР ПАРАДЫ--(лат. раго – даярдап жатамын, даярдоодомун) – мамлекеттик жана аскердик маанилүү окуялардын, расмий мааракелердин урматына согуштук техниканын коштоосунда аскерлердин салтанаттуу өтүүсү. Эң ири Аскер парадынын бири 1945-жылы 24-июнда Москвадагы Кызыл Аянтта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин урматына өткөрүлгөн Жеңиш парады болгон. КРде мамлекеттик маанидеги иш-чараларды белгилөөдө өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусундагы Аскер парады өткөрүлүп турат.