АРГЫМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГЫМАК– Жакынкы жана О. Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыр­кы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб,ахалтеке жана англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн А. деп аташат. Кыргыз элинин турмушунда А. байыртадан «чапса күлүк, сатса пул» катары асыралып келген. Алгач жапайы жылкы азык-түлүк иретинде колдонулган. Акырындап, колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары кеңири пайдаланылган. Изилдөөчүлөр минги аттарды адегенде Борб. Азияда өстүргөн деп эсептешет. Б. з. ч. 2–1-к-га таандык жазма булактар, маалыматтар б-ча А. жылкыларды өстүргөн 2 борбор: Бактрия жана Даван белгилүү. Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин жылкылары сымбаты, сыны, турпаты жана күлүктүгү менен өзгөчө даңазаланган. Аларды «Асмандан түшкөн аргымактар» деп аташып, бүт Фергана өрөөнү сыймыктанган.

Файл:АРГЫМАК 56.png

Коңшулаш элдерге жана алыскы өлкөлөргө чейин Даван А-тарынын атагы тарап, соода-сатыкта өтө жогору бааланган. Жаз­ма маалыматтарда «баалуу жылкылар» үчүн кытайлыктар Даванга бир нече жолу кол салгандыгы ж-дө айтылат. Даван А-нын алтындан жасалган айкели падышанын сарайында турган. Археол. изилдөөлөр учурунда Аравандагы Дулдул-Ата мазарындагы аскада моюну «ак куудай» койкойгон, башы кичине, буттары ичке, келишимдүү аттар тартылган, о. эле ушул сыяктуу сүрөттөр Сулайман тоодон да табылган.


Файл:АРГЫМАК 57.png
«Асман аттары». Айырмач тоосундагы (Фергана) аска бетиндеги сүрөттөр.

Азыркы мезгилде түркмөндөрдүн дүйнө тааныган ахалтеке А-тарын алардын тукумдары деп айтышат. Өлкөбүздөгү № 54, Бишкектеги ат чабылуучу жай ж. б. асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарбаларда асыл тукум А. жылкылар: араб, ахалтеке, буденный, дон, англис, о. эле кыргыз жаңы жылкысы өстүрүлөт. Алар бири-биринен дене түзүлүшү, өңү-түсү, күлүктүгү менен айырмаланып, кыргыз жылкысынын тукумун жакшыртуу жана ат спорту үчүн пайдаланылат. Мурда А. жылкылар алты жашка чейин эле күлүккө чабылса, бүгүнкү күндө жылына 3 ай эле (кышында) эс алат да, дайыма ат чабыш, аламан байге үчүн тапталып, чабыла берет. «Манас» эпосунда: «Манас жана анын кырк чоросу тулпар, нойондор – буудан, берендер – тобурчак минишкен, ал эми атчан жоокерлердин жоого минген аттары – аргымак болгон» деп айтылат.
Ш. Керимова.