АРГЫМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГЫМАК– Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыр­кы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб,ахалтеке жана англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн Аргымак деп аташат. Кыргыз элинин турмушунда Аргымак байыртадан «чапса күлүк, сатса пул» катары асыралып келген. Алгач жапайы жылкы азык-түлүк иретинде колдонулган. Акырындап, колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары кеңири пайдаланылган. Изилдөөчүлөр минги аттарды адегенде Борбордук Азияда өстүргөн деп эсептешет. Биздин заманга чейин 2–1-кылымдарга таандык жазма булактар, маалыматтар боюнча Аргымак жылкыларды өстүргөн 2 борбор: Бактрия жана Даван белгилүү. Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин жылкылары сымбаты, сыны, турпаты жана күлүктүгү менен өзгөчө даңазаланган. Аларды «Асмандан түшкөн аргымактар» деп аташып, бүт Фергана өрөөнү сыймыктанган.

Файл:АРГЫМАК 56.png

Коңшулаш элдерге жана алыскы өлкөлөргө чейин Даван Аргымактарынын атагы тарап, соода-сатыкта өтө жогору бааланган. Жаз­ма маалыматтарда «баалуу жылкылар» үчүн кытайлыктар Даванга бир нече жолу кол салгандыгы жөнүндө айтылат. Даван Аргымагынын алтындан жасалган айкели падышанын сарайында турган. Археологиялык изилдөөлөр учурунда Аравандагы Дулдул-Ата мазарындагы аскада моюну «ак куудай» койкойгон, башы кичине, буттары ичке, келишимдүү аттар тартылган, ошондой эле ушул сыяктуу сүрөттөр Сулайман тоодон да табылган.


Файл:АРГЫМАК 57.png
«Асман аттары». Айырмач тоосундагы (Фергана) аска бетиндеги сүрөттөр.

Азыркы мезгилде түркмөндөрдүн дүйнө тааныган ахалтеке Аргымактарын алардын тукумдары деп айтышат. Өлкөбүздөгү № 54, Бишкектеги ат чабылуучу жай жана башка асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарбаларда асыл тукум Аргымак жылкылар: араб, ахалтеке, буденный, дон, англис, ошондой эле кыргыз жаңы жылкысы өстүрүлөт. Алар бири-биринен дене түзүлүшү, өңү-түсү, күлүктүгү менен айырмаланып, кыргыз жылкысынын тукумун жакшыртуу жана ат спорту үчүн пайдаланылат. Мурда Аргымак жылкылар алты жашка чейин эле күлүккө чабылса, бүгүнкү күндө жылына 3 ай эле (кышында) эс алат да, дайыма ат чабыш, аламан байге үчүн тапталып, чабыла берет. «Манас» эпосунда: «Манас жана анын кырк чоросу тулпар, нойондор – буудан, берендер – тобурчак минишкен, ал эми атчан жоокерлердин жоого минген аттары – аргымак болгон» деп айтылат.
Ш. Керимова.