АРГИЛЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГИЛЛИТ (грекче argillos – чопо, lithos – таш) – диагенез жана эпигенез процесстеринде чопонун ныкталып, нымсызданып жана цементтелишинен пайда болгон катуу тоо тек. Сууда эзилбегендиги жана катуулугу менен чоподон айырмаланат. Цемент, керамзит, курулуш карапасын алуу материалы катары колдонулат. Аргаллиттер көбүнчө көмүр менен нефть кендери бар жерлерде жолукандыктан, жер бетинде алардын жайгашуусун жана таркалышын изилдөөнүн мааниси чоң.