АРГИЛЛИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АРГИЛЛИТ (грекче argillos – чопо, lithos – таш) – диагенез жана эпигенез процесстеринде чопонун ныкталып, нымсызданып жана цементтелишинен пайда болгон катуу тоо тек. Сууда эзилбегендиги жана катуулугу менен чоподон айырмаланат. Цемент, керамзит, курулуш карапасын алуу материалы катары колдонулат. Аргиллиттер көбүнчө көмүр менен нефть кендери бар жерлерде жолукандыктан, жер бетинде алардын жайгашуусун жана таркалышын изилдөөнүн мааниси чоң.