АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:50, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР– б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын башына таандык археологиялык эстелик. Араван суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түндүк батыш бетинде аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын жана жылкылардын сүрөттөрү кездешет. Сүрөттөр кылдат чегилип, аткарылышы жагынан сактардын сүрөт өнөрүнө тектеш. Алардын арасында тартылган жылкынын турпаттары А. Н. Бернштамдын пикири боюнча даван аргымактарына окшоштурулат.
Ч. М. Жолдошов.

Файл:АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР 31.png