АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР– б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын башына таандык археол. эстелик. Араван суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түн.батыш бетинде аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын жана жылкылардын сүрөттөрү кездешет. Сүрөттөр кылдат чегилип, аткарылышы жагынан сактардын сүрөт өнөрүнө тектеш. Алардын арасында тартылган жылкынын турпаттары А. Н. Бернштамдын пикири б-ча даван аргымактарына окшоштурулат.
Ч. М. Жолдошов.

Файл:АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР 31.png