АПЛАЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЛАЗИЯ – ж-a гр. plasis – пайда болуу), агенезия – кандайдыр бир дене бөлүгүнүн же органдын тубаса жоктугу. Аплазия түйүлдүктүн өөрчүүсүнүн бузулушунан болот. Ал жуп органдардын бири, мисалы, бөйрөк өөрчүбөй калышы мүмкүн. Ал эми жупсуз органдардын Аплазиясы оор бузулууга (кээде жашоого мүмкүн болбой) алып келет, к. Өөрчүу кемтиги.