АПЛАЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЛАЗИЯ – ж-a гр. plasis – пайда болуу), а г е н е з и я – кандайдыр бир дене бөлүгүнүн же органдын тубаса жоктугу. Аплазия түйүлдүктүн өөрчүүсүнүн бузулушунан болот. Ал жуп органдардын бири, мисалы, бөйрөк өөрчүбөй калышы мүмкүн. Ал эми жупсуз органдардын Аплазиясы оор бузулууга (кээде жашоого мүмкүн болбой) алып келет, к. Өөрчүу кемтиги.