АННЕКСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АННЕКСИЯ (лат., annexio – бириктирүү, кошуп алуу) – агрессиянын бир түрү, башка бир мамлекеттин аймагын же анын бир бөлүгүн күч колдонуу менен бириктирүү (басып алуу). Учурдагы эл аралык укуктун нормаларына ылайык, аннексия мыйзамсыз болуп саналат. БУУнун Уставында кайсы гана мамлекет болбосун, анын аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз каранды эместигине күч колдонуу менен кийлигишүүсүнө тыюу салынган.