АМФИТЕАТР -- көрүүчүлөрдүн орду

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:02, 4 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(гр. amphitheatru, сөзмө-сөз – тегерек зал) – 1) Байыркы Римде көпчүлүк үчүн

курулган, гладиаторлорду ж-а жырткыч айбандарды кармаштыруучу монумент курулуштардын бири. Ал ортосунда аренасы бар эллипс түрүндөгү зор курулма. Аренаны айланта

Файл:АМФИТЕАТР 1 56.png

көрүүчүлөрдүн орду болгон. Тепкич-тепкич болуп, улам жогорулап, тирөөчтөргө карматылып, алардын ортосу фойе же тепкич катарында пайдаланылган. А. Рим империясынын б. з. ч. Верона, Помпеи, Рим (Колизей) ж. б. ш-ларында сакталып келген; 2) азыркы театрдагы, цирктердеги, концерттик залдардагы, аудиториялардагы, стадиондордогу көрүүчүлөр үчүн бийиктетилген орундар (мис., Кыргыз опера ж-а балет театрынын, Кыргыз академиялык драма театрынын ж. б. А-лары).