АМИР-ТЕМИР
– мустье доорунда адамдар жашаган өтө терең үңкүр. Ал Өзбекстандын түштүгүндө, Турган-Дарыянын боюнда жайгашкан. Мында негизинен аңчылар убактылуу жашаган. 1–1,5 м тереңдикте очок ж-а таштан жасалган эмгек куралдары, тоо текенин сөөктөрү табылган. А.-Т. үңкүрүнүн жогорку катмары неолит мезгилине мүнөздүү.