АКЦЕПТ КРЕДИТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЦЕПТ КРЕДИТИ‒ котормо векселдердин (трат) акцепти түрүндө берилүүчү банк кредити; тышкы сооданы банктык кредиттөөнүн бир түрү. Коммерциялык ж-а соода банкы төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк импортчуга пролонгацияланган кредит берет. А. к. м-н экспортчу вексель жазып берүүсү мүмкүн. Банк кабыл алгандан кийин бул вексель акча рыногунда эске алынат же ал төлөнүп бүткөнгө чейин сакталат.