АКЦЕПТ КРЕДИТИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АКЦЕПТ КРЕДИТИ ‒ котормо векселдердин (трат) акцепт түрүндө берилүүчү банк кредити; тышкы сооданы банктык кредиттөөнүн бир түрү. Коммерциялык жана соода банкы төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк импортчуга пролонгацияланган кредит берет. Акцепт кредити менен экспортчу вексель жазып берүүсү мүмкүн. Банк кабыл алгандан кийин бул вексель акча рыногунда эске алынат же ал төлөнүп бүткөнгө чейин сакталат.