АКЦЕПТ КРЕДИТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒  котормо векселдердин (трат) акцепти түрүндө берилүүчү банк кредити; тышкы сооданы банктык кредиттөөнүн бир түрү. Коммерциялык ж-а соода банкы төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк импортчуга пролонгацияланган кредит берет. А. к. м-н экспортчу вексель жазып берүүсү мүмкүн. Банк кабыл алгандан кийин бул вексель акча рыногунда эске алынат же ал төлөнүп бүткөнгө чейин сакталат.