АЙТБАЕВ Кубанычбек Авенович
АЙТБАЕВ Кубаныч Авенович (1940‑ж. т., Ош обл., Өзгөн р‑ну, Курбаш айылы) – физиолог, медицина илимд. доктору (1990), проф. КРдин саламаттык сактоосуна эмг. сиң. ишмер (2000). КММИни (1965), СССР МИАнын аспирантурасын (1973) бүтүргөн. Кыргызстан кардиология ИИИдеа улук ил. кызматкер, лабор. башчысы. Ил. иштери патол. физиология, биохимия, теор. кардиология, мед. генетика, экологияга арналган.