АЙТБАЕВ Кубанычбек Авенович
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЙТБАЕВ Кубанычбек Авенович (1940‑жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы) – физиолог, медицина илимдеринин доктору (1990), профессор, КРдин саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген ишмер (2000). КММИни (1965), СССР МИАнын аспирантурасын (1973) бүтүргөн. Кыргызстан кардиология ИИИде улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы. Илимий иштери патологиялык физиология, биохимия, теориялык кардиология, медициналык генетика, экологияга арналган.