АЙРЫ-ТАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙРЫ-ТАМ - Жалал‑Абад обл‑нун Ала‑Бука р‑ндагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагы­нын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыш­-нан 56 км түш.-батыш тарапта. Наманган те­мир жол бекетинен 55 км. 1950‑ж. отурукташ­кан. Деңиз деңг. 830 м бийиктикте. Калкы 4117 (2009). Дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгек­тенет. Орто ж‑a муз. мектеп, бала бакча, мад‑т үйү, эки китепкана, оорукана, амбулатория, спорт комплекси (500 орундуу), дарыкана, тегир­мен, май сыгып чыгаруучу цех бар. Улуу Ата Мекен­дик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.