АЙРЫ-ТАМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЙРЫ-ТАМ – Жалал‑Абад облусунун Ала‑Бука районундагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыштагынан 56 км түштүк-батыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 55 км. 1950‑жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 830 м бийиктикте. Калкы 6 022 (2022). Дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто жанa музыкалык мектеп, бала бакча, маданият үйү, эки китепкана, оорукана, амбулатория, спорт комплекси (500 орундуу), дарыкана, тегирмен, май сыгып чыгаруучу цех бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.