АЙБАШЕВ Абугазир

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 14 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБАШЕВ Абугазир (1907 – 1965) – кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Фрунзедеги театр‑студия­сын бүткөндөн (1962) Кыргыз мамлекеттик драма те­атрында актёр. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1‑декадасына катышкан (1939). Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөдөн (К. Жантөшев, «Курманбек»), Адылкерим (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Кесслер (К. Симонов, «Орус маселеси»), почтoчу (Ч. Айтматов, «Бетме‑бет») ж. б. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.